Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Евро кымбаттап, доллар арзандады


Греция Европа Биримдиги менен Валюта корунан жардам алуу тууралуу келишимге жетишип, ал эми АКШда жумушсуздук болжолдонгондон аз мерчемде азайгандыгы белгилүү болгондон кийин, евро долларга карата катнашында кескин кымбаттады. Греция аталган булактардан 160 миллион доллардык жардам ала албай калат деген кооптонуу болуп жаткан.

АКШнын Эмгек департаменти билдиргендей, май айында өлкөдө болгону 54 миң жаңы жумушчу орду түзүлгөн. Бул алдыңкы үч айдагы кварталдык көрсөткүчтүн төрттөн бирине гана туура келет. Бул кабарлардан кийин бир евро мурдагы 1,45 доллардын ордуна 1.46 долларга бааланды.

XS
SM
MD
LG