Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Казакстанда доктурлар соту убактылуу токтоду


Мурдагы саламаттык сактоо министри Жаксылык Доскалиевге, "жалган диагноз койду" деп айыпталган дарыгерлерге каршы кылмыш иши токтотулду. Каржы полициясынын төрагасынын орун басары Андрей Лукин кылмыш иши токтотулганы менен тергөө иши улана берээрин бышыктады.

"Кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, пара алган", "мамлекеттик каражатты ысырап кылып, өлүү мүлктү мыйзамсыз саткан" деген айыптоолор боюнча Доскалиевге каршы сот иши өткөн айда Астанада башталган.

Каржы полициясынын ырастоосунда, 54 жаштагы Доскалиев өткөн сентябрдагы сурак маалында жүрөгү кармаган киши болуп, анткорлонгон. Доскалиевдин жүрөгү кармады деген бүтүм чыгарган бир нече дарыгерге "кызмат ордунан пайдаланып, акыйкаттыкка бут тоскон" деген кине тагылган. Дарыгерлердин бири чукул ооруканага түшүп, тез эле кайтыш болгон. Доскалиев азыр үй камагында.

XS
SM
MD
LG