Сириялык демонстранттар Израил көзөмөлдөгөн Голан дөбөлөрүнө өтүүгө аракеттенгенде, Израил аскерлери ок ачты. Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, кечээки окуяда 20 демонстрант каза таап, 300дөн ашыгы жараат алды. Сыналгыдан чек аранын жанында белгисиз мөөнөткө отурма демонстрация улана берээри маалымдалды. Израилден өлгөндөр боюнча комментарий боло элек, бирок израил бийликтери Сириянын өкмөтүн «элди ички кризистен алагды кылыш үчүн, чек арада кан төгүүнү шыкактап жатат» деп айыптады.
- Чек аранын аркы тарабындагы сириялыктарга карата бир катар ооз эки эскертүүлөргө карабастан, асманга атылган эскертүү окторуна карабастан, сириялык тараптан ызырынгандардын сүрмө тобу Израил менен Сириянын ортосундагы тосмого жетүүгө аракет кылды. Элдин өтүп келишин токтотуу үчүн биз мыйзамдуу ок атуу чарасын колдонууга мажбур болдук, - деп билдирди Израил армиясынын маалымат катчысы Авитал Лейбович.
Сирия кагылыш алдын ала пландалбаганын, ал палестиндердин чыдамы түгөнүп баратканын көрсөтөөрүн айтууда. Сирияда акыркы бир күндө коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга каршы операцияларында 25 киши каза тапты.