Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Ири ишканаларга электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн


Кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана казинолорго электр кутабы үчүн тариф жогорулашы мүмкүн. Буга байланыштуу Энергетика министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору парламентте жактырылып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов билдирди.

Жакында америкалык Tetra Tech компаниясы Кыргызстанда өзүнүн изилдөөсүн жүргүзүп, электр энергиянын өздүк баасы 1 сомдон 2,3 сомго чейин өсүшү мүмкүн экенин айткан.
Компаниянын отчетунда үч вариант көрсөтүлгөн: 1. Кардарларга берилген электр энергия үзгүлтүккө учурап, тейлөө эң төмөнкү деңгээлде болсо анын баасы 1 кВт/с үчүн 1 сом.
2. Өлкөдөгү энергетикалык тутумду калыбына келтирип, кардарлар үзгүлтүксүз тейленген учурда анын баасы 1 кВт/с үчүн 1,65 сомго чейин жетет. 3. Республиканын бардык аймагындагы атуулдар эч бир үзгүлтүксүз, сапаттуу энергия менен камсыздалса, баа жогорулап 1 кВт/с үчүн 2,3 сом төлөнөт. Бирок аталган министрлик азырынча калкка тариф көтөрүлбөй турганын кабарлоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG