Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Атамбаев “Кыргызмунайгаз” кызматкерлери менен жолукту


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Жалал-Абаддагы иш сапарынын алкагында “Кыргызмунайгаз” ишканасынын кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Атамбаев чогулгандарга ишканага сырттан башкаруу киргизүү убактылуу чара болгондугун, ишкананын тегерегиндеги ызы-чуулар боюнча атайын комиссия иштеп жатканын билдирди. 

Премьер-министр “Кыргызмунайгаз” убагында 500 миң тоннага чейин күйүүчү май берип, бирок азыр анын кубаттуулугу болгону 80 миң тонна кара май чыгарууга түшүп калгандыгын белгиледи.

“Кыргызмунайгаздын” баштапкы капиталы 1 млрд.сомду түзөт. Мамлекет ишкана акциясынын  85,16 пайызна ээ. (EK)

 

XS
SM
MD
LG