Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Орусиянын элчиси Бенгазиге барды


Орусиянын Африка боюнча атайын элчиси Михаил Маргелов бүгүн Бенгази шаарына ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу үчүн барды. Анын алдында Бенгазиге Кытайдын өкүлү да келип кеткен эле. Март айында БУУнун Коопсуздук кеңеши НАТОго Муаммар Каддафинин күчтөрүнө абаддан сокку урууга уруксат берген резолюция кабыл алганда, Кытай менен Орусия аны колдогон да, каршы чыккан да эмес. Бул эки өлкө андан бери аба соккуларынын кеңейгенине нааразылык билдирип, кырдаалды саясий жол менен жөнгөрүүгө чакырып келет.

Бул аралыкта НАТО бүгүн күндүз Ливия лидери Муаммар Каддафинин кеңселери жайгашкан имараттарга сокку урду. Триполиден бир нече катуу жарылуулардын үнү угулду. Ливия телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда, рейд учурунда Каддафинин кеңсесине канатташ жайгашкан аскерий имараттар да бутага алынган.

XS
SM
MD
LG