Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Тажикстанда катылган советтик эстеликтер табылды


Дүйшөмбү калаасында парламенттин имаратын оңдоп жаткан жумушчулар жашыруун бөлмөдө катылган Иосиф Сталиндин жана башка советтик мезгилден калган эстеликтерди таап алышты.

Компартиянын төрагасы жана парламенттин мүчөсү Шоди Шабдоловдун айтымында, парламенттин ичин оңдоп жаткан жумушчулар дубалды бузуп, артында Сталиндин, Лениндин, Карл Маркстын жана Фридрих Энгелстин бюсттары коюлган кичинекей жашыруун бөлмөгө туш келишкен.

Бюсттарды өзүнүн кабинетине койдурган Шабдоловдун айтымында, Сталиндин эстелиги 1956-жылы СССРдин Саясий бюросунун баш катчысы Никита Хрущев Сталиндин жеке адамга сыйынуу саясатын сынга алгандан, ал эми калган эстеликтер 1990-жылдардын башында, Советтер Союзу кулагандан кийин алынып салынган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG