Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Йеменде демонстранттар президентти кайтып келбөөгө чакырышты


Йемендин баш калаасы Санаада төрт миңдей демонстрант жума күндөн бери Сауд Арабияда дарыланып жаткан Али Абдулла Салехтин ошол жакта кала беришин талап кылышты. Америкалык булактарга ылайык, Салех мурда айтылгандан оор жаракат алган, денеси 40 пайызга күйүп, баш сөөгүнүн ичине кан куюлганы токтобой жатат.

Санаадагы демонстрация тынчтык мүнөздө болгону менен, өлкөнүн түштүгүндөгү исламчылар кармап турган шаарда армия 30 согушкер, 15 аскер окко учканын билдирүүдө. Зинжибарды исламчылар 10 күн мурда басып алышкан.

XS
SM
MD
LG