Көргөзмө бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде ачылаарын “Азаттыкка” музейдин коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Мидинова кабарлады.
Көргөзмөдө байыркы замандан XX кылымга чейин өзгөрүп отурган ташка, жыгачка, чопого, кездемеге жана темирге түшүрүлгөн тамгалар, сүрөттөр тартууланат. Кыргыздарга таандык болгон араб жазуусунан тарта кириллицага өткөндөгү кол жазмалар көрсөтүлөт. Ошондой эле байыркы жазууларга таандык Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Алайдан табылган тарыхый таш жана тамга чегилип жасалган таш бет кап көрсөтүлөт. (КЕ)