Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кызылча оорусу менен катталгандар көбөйүүдө


Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тараткан маалыматка ылайык, республика боюнча кызылча жугуштуу оорусу менен катталгандар көбөйүүдө. Борбордун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиевдин белгилешинче, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жана Ош шаарында кызылча оорусуна чалдыккан 34, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 1, Бишкекте 8 учур катталган.

Учурда оорунун жайылып кетүүсүнө каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Өлкө түштүгүндө бир жаштан алты жашка чейинки балдарга эмдөө жүргүзүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, апрель айында Европанын 33 өлкөсүндө 6,5 миңден ашуун адам кызылча оорусу менен катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG