Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Чек арага жакын айылдын тургундарына жеңилдиктер каралууда


Буга байланыштуу "Чек арага жакын аймактарга өзгөчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 7-июнда Жогорку Кеңештин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Жусупали Исаев билдирди.

Аталган мыйзам долбоор кабыл алынса, чек арага жакын жашаган тургундар жер салыгынан, ал эми уюм, мекемелер кошумча салыктан бошотулат жана жашоочуларга компенсация төлөнөт.

Мындан тышкары депутаттар өкмөткө аймакты өнүктүрүүгө бюджеттен 500 миллион сом бөлүнүп, өспүрүмдөрү чек ара кызматында кызмат өтөдү деп эсептелинип, мектеп, бала-бакчалар курулса дурус болмок деген сунуштарын айтууда. Мыйзам жылма миграцияны токтотуу максатын көздөөдө. Буга чейин аталган мыйзам долбоорду дагы эки комитет жактырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG