Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Жалал-Абад облусунун аймагында блок посттор коюлбайт


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.

Жалал-Абад шаарында жана шаарга чектеш жайгашкан райондордо блок посттор коюлбайт, бирок 5 бекет уюштурулат. Бул бекеттердин ар биринде куралчан 5тен кызматкер күнү-түнү эки нөөмөттө иштешет.

Алар сырттан келген шектүү унааларды жана адамдарды текшерүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого, ар кандай чагымчыл аракеттерге жол бербөөгө милдеттүү.

“Постто тургандар карапайым адамдарды себепсиз текшерип, мыйзамсыз аракеттерди жасаган фактылар болсо аларга катуу жаза чаралары көрүлөт”,- деди министрдин орун басары. Ар бир бекетке Ички иштер министрлигинен жөнөтүлгөн кызматкерлер жооптуу болот.

Өзбекстан менен чектеш жайгашкан аймактардагы айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө кошумча кызматкерлер бөлүштүрүлүп, алар ошол аймактарда күнү-түнү кызмат өтөшөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG