Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Парламент коога боюнча талкууну улантат


Бүгүн Жогорку Кеңеш июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Парламент комиссия тыянагын 2-3-июнь күндөрү талкуулаган. Талкууда депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтомго кошумча катары 60тан ашык сунуш түшкөн. ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков алардын баарын жалпылап, Координациялык кеңешке алып чыгуу сунушун киргизген. Негиз катары комиссия төрагасы Токон Мамытовдун токтомунун долбоору кабыл алынган. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү Исмаил Исаков менен Жылдызкан Жолдошева өздөрүнүн корутундусун жазып чыгышкан.

Буга чейин түштүктөгү окуялар тууралуу улуттук жана эл аралык комиссиялар корутундусун жарыялаган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG