Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Атамбаев АКШ конгрессмендерин кабыл алды


Делегацияны конгресстин өкүлдөр палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясынын төрагасы Дэвид Дрейер баштап келди. Ал кыргыз өкмөт башчысы менен болгон жолугушууда Кыргызстанда демократияны орнотуу жана өнүктүрүү үчүн потенциал бар экендигин билдирди. Ал Кыргызстан парламенттик өлкө катары Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү боло тургандыгын белгиледи.

Сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелери козголду. Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтү элдин турмуш шартын жакшыртуу үчүн ачык жана акыйкат иш алпарууга умтулуп жаткандыгын билдирди. Ал ушул тапта коалициялык өкмөт туруктуулукка ээ болуп, элдин ишенимине конкреттүү аракеттер менен жетишүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады. Делегация Грузия, Украина жана Монголияда да боло тургандыгы кабарланууда.

“Демократия үчүн өнөктөштүк” – АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын эки партиялуу комиссиясы болуп саналат. Анын курамында 20 киши бар. Алар 14 өнөктөш мамлекеттер менен кызматташат. (AzK)

XS
SM
MD
LG