Казак парламентинин жогорку палатасы Ооганстанга аскер жиберүү жөнүндө келишимди ратификациялоону четке какты.
Ооганстанга Казакстандын бейкуттукту сактоочу күчтөрүн жиберүү жөнүндө мыйзам долбоорун Мажилис жактырган. Бир катар коомдук уюмдар мындай чечимге каршылык билдирген.
Казакстан-НАТО кызматташтыгынын алкагында казак аскердик контингентин Ооганстандагы эл аралык күчтөргө көмөк көрсөтүүгө жарым жылдык мөөнөт менен жиберүү каралган.
Келишим боюнча казак тарап өз аскерлерин Ооганстанга жеткирүүнү, кийим, курал-жарак менен камсыздоо сыяктуу чыгымдардын бардыгын өз мойнуна алат.