Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Акыйкатчы ЖККУ жетекчилигине нааразы болууда


Акыйкатчы Турсунбек Акун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын билдирүүлөрүнө нааразылыгын айтып чыкты:

“Кыргызстандын акыйкатчысы катары, ЖККУнун башчысы Николай Бордюжанын интернет агенттиктериндеги маалыматына толук каршымын. Анткени ал адам Кыргызстанда абал курчуй турган болсо, ЖККУ кийлигишүүгө даяр экендигин билдириптир. Уюмдун Кыргызстандын ишине кийлигишип, күч колдонушуна тиешелүү жоболор жол бербейт,-деп билдирди “Азаттыкка” Турсунбек Акун.

Мындан улам акыйкатчы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул жагдайга баа бериши керектигин билдирүүдө.

Кечээ Кыргызстандын жана Орусиянын интернеттеги бир катар маалымат булактары ЖККУ төрагасы Николай Бордюжанын билдирүүлөрү тууралуу жазып чыгышкан. Анда Кыргызстандын түштүгүндөгү этносттук мамилелер начарлап, абал курчуй турган болсо ЖККУ Коопсуздук кеңеши тиешелүү чара көрүүгө, кийлигишүүгө даяр экендиги кабарланган. ЖККУнун басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып да, тастыктаган да жок. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG