Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Түштүктө эки миңге чукул турак-жай калыбына келтирилди


Бир жыл ичинде Ош жана Жалал-Абад облустарында 1769 турак-жай калыбына келтирилип, Мады жана Шарк айылдарында 41 үй кайрадан тургузулду. Ушул тапта курамына 1528 батирди камтыган 34 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, курулуп жаткан бул үйлөрдүн 27си Ош шаарында, үчөө Жалал-Абадда, экөө Базар-Коргондо, бирөө Кара-Сууда жайгашкан. Буга чейин Ош шаарында 4 үй жана 124 батир колдонууга берилген болчу. Мындан тышкары Ош жана Жалал-Абаддагы бир катар маданий борборлор да оңдолуп чыккан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG