Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

“Свет аке” тасмасы Испанияда атайын сыйлыкка татыды

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы Испанияда атайын сыйлыкты алды. Бул тууралуу кинематографисттер союзунан билдиришти. Испанияда өткөн V эл аралык кинофестивалда бул тасма атайын сыйлык - коло альграмбага ээ болду.

Фестиваль 4-10-июнь күндөрү Андалусия жана Гранада провинциалдык өкмөттөрдүн колдоосунда өттү. Иш-чара алкагында Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн тасмалары көпчүлүктүн сынына коюлду. (EK)
XS
SM
MD
LG