Борбор Азия лидер жаштары үчүн жайкы демократия мектеби 13-17-июнь күндөрү атайын окууларды уюштурат. Анда жаштар жарандык өнүгүү боюнча маалымат алып, лидердик дымактарын кеңейте алышат. Иш-чаранын ачылыш аземине президент Роза Отунбаеванын жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Кери Гордондун катышаары күтүлүүдө.
Бул жылы жайкы демократия мектеп программасы өзүнө экономика, маданий көп түрдүүлүк, саясий реформалар, адам укугу жана демократияга байланыштуу дарстык окууларды камтыды. Аймактан чогулган жүздөн ашык жаштарга дарстарды белгилүү саясатчы, адис, жарандык коомдун өкүлдөрү окушмакчы. (EK)