Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Дүйнөлүк банк саламаттык тармагына 24 млн. доллар бөлөт


Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо долбоорлору үчүн кошумча каржылоо ирээтинде 24 млн. доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Каражаттын 13,2 млн. доллары жеңилдетилген насыя, ал эми калган 10,8 млн. доллар гранттык негизде берилет. Бул каражат июнь коогасында жараат алган, социалдык коргоого муктаж адамдардын медициналык жардам алуусу үчүн бөлүнүүдө.

Мындан тышкары бул каражат эсебининен Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу чараларына акча жумшалмакчы. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG