Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Йогачы-гуру Индиядагы жемсөөлүккө согуш ачты


Индияда коррупцияга каршы токтоосуз чара көрүүнү талап кылып, жети күн мурда ачкачылык акциясын баштаган индус-гуру Баба Рамдевдин абалы оңолуп калганы маалымдалды. 46 жаштагы устат-йогачы 10-июнда ден соолугу начарлап кеткенге байланыштуу ооруканага жаткырылган эле. Баба Рамдев ачкачылык акциясы учурунда өкмөттүк адамдардын оффшордук зоналардагы чет элдик банктардагы акчаларын Индияга кайтарып келүүнү да талап кылды. Популярдуу гурунун талабын жарандык уюмдар жана Индиядагы үлкөн оппозициячыл партия - Инду улуттук партиясы да колдоду.

XS
SM
MD
LG