Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз бензин чыгарып бараткандар кармалды


Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын колбашчысынын биринчи орун басары Чолпон Турусбеков “Азаттыкка” билдирди.

“Кечээ Баткен районунун Карабак чек ара аймагындагы Чоң-Талаа деген жерден 30 тонна бензинди контрабандалык жол менен Тажикстанга чыгарып бараткандар кармалышты. Учурда тастыктоо иштери жүрүп жатат дейт”, - Турусбеков.

Анын айтымында, 2-июндан тарта бир катар мамлекеттик органдар аткезчилик жол менен сыртка ташылып жаткан товарларды кармоо боюнча иш-чара өткөрүшүүдө. Мунун алкагында мындан аз күн мурда 40 тонна күйүүчү май колго түшүрүлгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG