Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ливияда айыгыш уланууда


Ливия бийлиги Эз-Завия шаарынын жанындагы кармашта козголоңчулар жеңилгенин айтып жатышат. Козголоңчулар болсо акырындык менен Триполини көздөй жылып жатканын бышыкташууда. Акыркы күнү ал жерде 13 киши мерт болду. Триполинин түштүк-батышындагы Зинтан шаарында кагылышуу болуп жатат, Ал жерде жети киши өлүп, 50 киши жарат алганы кабарланды. Бириккен Араб Эмираты козголоңчулар түзгөн улуттук өткөөл кеңешти тааныганын билдирди жана Бенгазиде өкүлчүлүк ачууну болжоодо.

XS
SM
MD
LG