Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Баткенге 1000 тонна дизелдик күйүүчү май жөнөтүлөт


Бул тууралуу бүгүн айыл-чарба министри Төрөгул Беков билдирди. Министр аткезчиликтен улам аймакта күйүүчү майга болгон таңкыстык төрт эсеге өскөнүн билдирди. Маалыматка караганда, мурда Баткенге айына дыйкандар үчүн орточо эсеп менен 250 тонна жиберилчү. Беков жазгы себүү маалында күйүүчү май базарында чектөө киргизип, кара май ошол себептүү кымбаттап кеткенин билдирди.

Министр өкмөт жыйынында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов каржы полициясына жана бажы, чек ара кызмат жетекчилерине күйүүчү майга аткезчилик кылгандарга карата катаал чаралар көрүлүшүн тапшырганын кошумчалап өттү. (EK)

XS
SM
MD
LG