Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Кытай лидери ШКУнун жыйынына Казакстанга келди


Кытайдын лидери Ху Цзинтао казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бүгүн жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт. Кытайдын мамлекет башчысы шаршембиде Астанада өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышат. Андан соң Орусияда Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышып, кийинки сапарын Украинага улайт.

Кытай-Казакстан алакалары айрыкча отун-кубат жаатында бекемделүүдө. Казакстандын энергетика, курулуш жана транспорт тармактарында 1 миңден ашуун кытайлык компаниялар активдүү иштеп жатат.

Феврал айында Н.Назарбаевдин Кытайдагы сапары маалында бир катар жаңы келишимдерге кол коюлган.

XS
SM
MD
LG