Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

AI: Коогалаң кайра кайталанышы мүмкүн


Бүгүн “Амнести Интернешнл” эл аралык уюму кыргыз бийликтерине кайрылып, июнь коогасы боюнча соттук териштирүүлөр адилетсиз жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. “Амнести Интернешнл” былтыркы окуяларга кириптер 27 адам өмүр бою эркинен ажыратылса, алардын баары өзбек тектүү экендигин билдирүүдө.

Уюм сотттук териштирүүлөр бир улутка жан тартуу менен коррупциялашып өтүп жатышы жаңы зомбулуктарга алып келиши мүмкүндүгүн эскертет.

Антсе да Оштогу адвокат Таир Асанов “Азаттыкка” соттолгондор арасында кыргыздар деле бар экенигин билдирсе, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Рыспек Шүкүралиев баары мыйзам чегинде тергелип жаткандыгын айтты.

“Амнести Интернешнл” сот, прокуратура, ИИМ органдарынын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз июнь окуясын иликтөөчү комиссиясын түзүү сунушун Борбор Азия боюнча изилдөөчү Маизи Вайтердинг аркылуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында жаңыртты.

Уюм былтыркы коогада өлгөндөрдүн 74 пайызы өзбек тектүүлөр экендигин, жоготулган мүлктүн 90 пайызы да өзбектерге тиешелүү экендигин белгилөөдө. (EK)

XS
SM
MD
LG