Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Москвада Кыргызстанда издөөдө жүргөн 8 кылмышкер кармалды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын демилгеси менен Москва шаарында Кыргызстанда ар кандай кылмыштарды жасап, эл аралык жана мамлекеттик издөөдө жүргөн 8 кылмышкер кармалды.

Алардын бирөө экс-президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири, 1960-жылы туулган Сергей Костюк экендиги анык болду. Костюк учурунда “АзияУниверсалБанктта” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 20 миллион сомго чукул зыян келтирген деп айыпталууда. Кармалгандардын үчөө июнь коогасына катышы бар адамдар экендигин ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, тергөө кызыкчылыгы үчүн азырынча алардын ысымы коомчулукка жарыяланбай тургандыгын билдирди.

Калган 4 кылмышкер адам өлтүрүү, бейбашчылык өңдүү кылмыштарга кириптер адамдар экендиги анык болду.

Учурда кыргыз-орус Баш прокуратуралары тарабынын бул адамдарды Кыргызстанга жөнөтүү чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG