Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Костюкту экстрадициялоо боюнча документтер даярдалууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов кабарлады. Анын айтымында, Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири, 1960-жылы туулган Сергей Костюк ушул жылдын 8-июнунда Москвада кармалып, аймактан сыртка чыкпоо кепилдигин алган соң коё берилген. Учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына Костюкту экстрадициялоо боюнча документтерди даярдап жатат.

Костюк "“АзияУниверсалБанкта” иштеп жатканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 20 миллион сомго чукул зыян келтирген" деп айыпталууда. Ал өзү бул маалыматтарды четке кагып, Бакиевдерге жакын эмес экенин айрым маалымат булактарына билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG