Чечен президенти Рамзан Кадыров голландиялык белгилүү футболист Рууд Гулитти “Терек” командасынын жетекчилигинен алды. Грозныйдын командасы кечээ "Амкар Перм" командасына 0-1 эсеби менен уттуруп койгон. Президент Кадыров “Терек” футбол клубунун төрагасы. Ага чейин Гуллит бар-ресторандарга, көңүл ачуучу жайларга көп барып, ишин жакшы аткара албай жатат деген сындар айтылып келген эле.
Гуллиттин атагы өзгөчө 1980-жылдардын аягында чыккан. Ал эки жолу дүйнөнүн мыкты футболисти болгон. 1988-жылы Голландия командасынын курамында Европа чемпиону деген наамды жеңген.
Гуллиттин атагы өзгөчө 1980-жылдардын аягында чыккан. Ал эки жолу дүйнөнүн мыкты футболисти болгон. 1988-жылы Голландия командасынын курамында Европа чемпиону деген наамды жеңген.