Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

ЮСАИД Кыргызстанды колдоосун улантат


Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) өкүлү Дональд Стайнберг 15-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдирди. Аталган уюм Кыргызстан үчүн өтө зарыл программаларды каржылоого даяр экенин, бул үчүн 15 миллион доллар жумшай алаарын айтты. Министр экономика жана аймактык өнүгүү багытында колдоо керектигин белгиледи. ЮСАИД Кыргызстанда негизинен айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG