Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Ажыдаардын "экинчи башы"


Завахири: "Усама АКШны тиги дүйнөдөн да титиретет"
Завахири: "Усама АКШны тиги дүйнөдөн да титиретет"

“Ал-Каиданын” жаңы лидери деп Айман ал-Завахири аталды. Ошентип ал өткөн айда Пакистанда өлтүрүлгөн Усама бин Ладендин ордун басты.

Каерде жашырынып жүргөнү белгисиз Завахири “Ал-Каидада” буга чейин бин Ладенден кийинки “экинчи адам” деп эсептелинип келген.

“Ал-Каиданын” башкы жетекчилиги сүйлөшүүлөрдөн кийин ушундай чечимге келгенин бүгүн террор уюмунун интернеттеги сайттарынын биринде жарыялады.

Ал Завахиринин жетекчилиги астында “Ал-Каида” АКШга жана Израилге каршы буга чейинки “ыйык согушун, же жихадды” уланта берээрин билдирди.

Коркутту

Ошол билдирүүсүндө уюм быйыл Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта болгон элдик толкундоолорду колдой турганын билдирди. “Батыш тарабынан киргизилген коррупцияланган жана зөөкүр режимдер бул аймактан кууп чыгарылмайынча күрөшүүнү уланта бергиле” делет чакырды.

“Ал-Каиданын” буга чейинки лидери Усама бин Ладенди 2-майда Пакистандын Абботтабад шаарында америкалык аскерлер өлтүрүшкөн.

Өткөн аптадагы видео кайрылуусунда Завахири “бин Ладен АКШны тиги дүйнөдөн да коркута берет” деген эле.

"Шейх, Алла ага ыраазы болсун, шейит кетти, - деди ал кайрылууда. - Эми биз анын жихаддагы жолун жолдоп, мусулмандардын жерлерин ээлеп алгандарды ал жактан кууп чыгууга, адилеттүүлүктү орнотууга милдеттүүбүз".

Египетте төрөлгөн Завахири террористтик уюмда бин Ладендин оң колу болуп турган жана “Усаманын оордун басат го” делгендердин биринчиси болчу.

Жашы алтымышка барып калган ал-Завахирини АКШ “дүйнөдөгү эң коркунучтуу террористтердин тизмесине” киргизген, анын башы үчүн 25 млн.доллар сүйүнчү пул жарыя кылган.

2001-жылы Нью-Йорктогу терактты дал ушул Айман ал-Завахири уюштурганы айтылып жүрөт. АКШда Завахири, мындан сырткары, 1998-жылы Кошмо Штаттардын Кениядагы жана Танзаниядагы элчиликтерин жардырган деп да күнөөлөнүүдө.

Анын үй-бүлөсү 2001-жылдын аягында америкалык аскерлердин аба соккусунан набыт болгон дешет.

Египеттик

Азыр эми “Ал-Каиданын” жаңы лидери каякта экени белгисиз. Коопсуздук боюнча айрым аналитиктер аны ооган-пакистан чек арасындагы тоолордо жашырынып жүрсө керек дешет.

Теги египеттик Завахири учурунда Каир университетинде билим алган. Кесиби – догдур.

Египетте ал үч жыл түрмөдө да отуруп чыккан жана 1980-жылдары бин Ладен менен таанышып, Ооганстанда советтик оккупацияга каршы мужахедин согушун жүргүзүшкөн.

1990-жылдары ал Египетте “Ислам жихады” уюмун түзөт, ал жакта аны ошол үчүн сырттан өлүмгө өкүм кылышкан. Кийинчерээк бул уюм “Ал-Каидага” кошулуп кетти.

Бин Ладендин артынан Ал-Завахири алгач Суданда жашырынып жүрдү. Кийин кайра Ооганстандагы талиптердин режиминен колдоо таап кайтып келишкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG