Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Айлык берүүдөгү алешемдиктер үчүн аткаминерлер сөгүш алды

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев маданият министри Нурлан Шакеевге, статс-катчысы Мукталы Бектаналиевге жана билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкуловго өкмөттүн айлык боюнча чечимин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, билим министринин статс-катчысы Акунжан Абдрашевди кызматтан алуу маселеси каралып жатат. Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовго жогортулган айлык берүүдөгү алешемдиктерди жоюу үчүн бир апталык мөөнөт берилди. Учурда жер-жерлердеги мугалимдер жана маданият кызматкерлери өкмөт убада кылгандай маяна көтөрүлбөгөнүнө нааразы болуп жатышат. (EBM)
XS
SM
MD
LG