Мындай билдирүүнү АКШ мамлекеттик департаментинин жана АКШ аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү жасашты. Террорчул топторго таандык сайттын билдиргенине караганда, май айынын башында АКШ күчтөрү жок кылган Усама бин Ладендин ордун Айман ал-Завахири ээлегени кабарланган.
Завахири египеттик дарыгер, 60 жашта. Радикалдык исламчыл топтордун катарына 70-жылдары кошулган, Египеттин президенти Анвар Садатты өлтүрүүгө катышкан деп шектелет. Ал кийинчерээк Ооганстанга ооп кеткен, азыр кайда экени белгисиз. АКШ аны кармаганга 25 миллион доллар убада кылууда.