Полиция 100 кишини кармады. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, шаршембиде түнкүнүсүн болгон окуяда 50 жакын дүкөн талкаланды же тонолду. Тополоңдун баары “Стэнли Кубогу” үчүн таймашта “Ванкувер Кэнакс” командасы “Бостон Брюнз” тобуна 0:4 эсебинде утулуп калганда чыккан эле. Бир топ машинелер өрттөлүп, полиция менен кагылыштар болгон. “Бостон Брюинздин” хоккейчилери соңку 39 жылдан бери алгачкы жолу “Стэнли кубогун” утушту.
Ванкуверде хоккей фанаттарынын тополоңунда 150 адам жаракат алды
