Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Украинада cоветтик желекти көтөрүүгө тыйуу салынды


Апрелдин этегинде “Кызыл желек” жөнүндө мыйзамга президент Виктор Янукович кол койгон болчу. Ага алайык, советтик желекти 9-майда Украинанын улуттук желеги менен катар административдик имараттарда илип койгонго болмок. Бирок президенттин чечимине баа берүү өтүнүчү менен Украин элдик партиясынын жетекчиси Юрий Костенко Конституциялык сотко кайрылган. Сот бүгүнкү чечиминде "Баш мыйзамда кызыл желек мамлекеттик символдордун катарында айтылган эмес" деген жүйөө менен аны жеңиш күнүндө колдонууга тыйуу салды.

Быйыл жеңиш күнүндө Львовдо орусиячыл уюмдар кызыл желекти көтөрүп чыгышканда жергиликтүү улутчулдук менен тополоң чыгып кеткен. Анткени ал жакта көпчүлүк үчүн кызыл армия алардын жерлерин күч менен басыл алган оккупанттар катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG