Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Жалал-Абадда Ташиевдин жактоочулары кол топтоп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Камчыбек Ташиевди коргоо боюнча Жалал-Абад шаарындагы 17 адамдан турган комитеттин өкүлү Рашид Сулайманов билдирди. Алар Ташиевдин дарегине айтылган сындарды жана анын депутаттык кол тийбестигин тапшырып беришин саясий куугунтуктун натыйжасы катары сыпатташууда.

“Азаттыктын” аймактык кабарчысы кабарлагандай, жактоочулар Жалал-Абад облустук акимиятынын алдында эки, шаардык базарда бир боз үй тигишип, дүйшөмбүдөн тарта нааразылык чарасына чыгууну көздөшүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура “Ата Журт” фракциясынан депутат Бахадыр Сулеймановдун арызынын негизинде депутат Ташиевди кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушун парламентке жолдогон. Сулейманов "фракция башчысы мени сабады" деп прокуратурага арыз берген болчу.

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында бул жагдайга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзгөн. Андан соң Ташиев өз эрки менен депутаттык кол тийбестиктен баш тартаарын, күнөөсү далилденсе сот жообуна тартылууга даяр экенин жарыя кылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG