Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстан селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн эл аралык уюмга кайрылды


Кыргызстан Чукул кырдаалдарга көңүл буруу боюнча эл аралык координациялык топко кайрылып, 12-июнда Баткен облусунун айрым аймактарында болгон селдин кесепеттерин жоюуга жардам берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эл аралык координациялык топтун жетекчиси Джонатан Вийтч өзүнүн расмий жообунда селдин кесепеттерин тактоо үчүн аймакка атайын топту жөнөткөнүн билдирди. Бул топ кыска убакыттын ичинде абалды баалап чыгып, андан соң селден жабыркагандарга жардам берүү жагын караштырмакчы.

Бир жума мурда Баткендин Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Андан баш-аягы 230дөн ашык үйдүн имараты жабыркап, суу үч жеңил унааны, 350дөй мал жандыкты алып кеткен. Баткен облустук администрация сел 200 млн. сомдун тегерегинде чыгым алып келгенин билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG