Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курал-жарак кармалды


Жалал-Абад шаарында жергиликтүү тургун “АКС-74” үлгүсүндөгү 5.45 мм. калибриндеги ок атуучу куралы жана 28 даана октору менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Суусунбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында 17-июндан 18-июнга караган түнү облустук кайгуул күзөт кызматкерлерине баш ийбеген “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү машина токтотулуп, аны текшерүү учурунда ичинен курал-жарак чыккан.

Натыйжада ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн 33 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну убактылуу камакка алынды. Азыркы кезде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG