Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Июнь коогасы: Төрт пайыз иштин гана бети ачылды


Былтыркы коогадан кийин козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайы тууралуу Ош шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Рахат Шергазиевди кепке тарттык.

- Рахат мырза, былтыркы Ош коогалаңы боюнча канча кылмыш иши козголгон? Алардын тергелиши кандайча жүрүүдө, деги канча адам айыпталып жатат?

- Былтыркы коогалаң маалында жалпысынан 3324 кылмыш иши козголгон. Анын болгону 124үнүн, демек төрт пайызынын гана бети ачылып олтурат. Ушул кезге чейин 142 адам гана кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Кылмыштын түрүнө үңүлсөк, адам өлтүргөн 11 кылмыш ашкереленди. Укук коргоо органынын өкүлүнүн өмүрүн кыйган жалгыз факты ачылды. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зордук-зомбулук көрсөткөн эки кылмышка тиешелүү адамдар кармалды. Мындан тышкары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн үч факты аныкталды. Ага улай уурулук кылган 27 жорук ашкереленди. Ошондой эле башка бирөөнүн мүлкүнө кол салып, атайылап өрттөгөн 26 жорук шардана кылынды.

- Кылмышка шектүүлөрдүн арасында чет өлкөлөргө изин суутуп кеткени канча?

- Ооба. Ош окуясынын негизинде 15 кылмыш ишинин алкагында 30 адамга эл аралык издөө жарыяланган. Алардын алтоо адам өлтүргөндүгү үчүн шектелүүдө. Мындан тышкары жаран укуктарын көз көрүнөө тебелеп-тепсеген 2 окуя аликүнчө ашкерелене элек. Зордуктоого катышкан жалгыз киши дале изделип жатат. Албетте, издөө салынгандардын катарында уурулукка, талап-тоноочулукка катышкандар дагы арбын. Ошондой эле каракчылык, куралдарды жана маңзаттарды мыйзамсыз сактаган учурлар дагы жок эмес.

- Аларды Кыргызстанга алып келүү жана жазалоо жаатында кандайча аракеттер жасалууда?

- Бул багытта аракетибиз күч. Козголгон кылмыш иштеринин алкагында биздин укук коргоо органдарыбыз жана атайын коопсуздук кызматыбыз Орусиядагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы тиешелүү кызматтар менен ийиндеше иштешип, эл аралык издөөдө жүргөндөрдү кармоо аракеттери катуу жүрүп жаткан чагы. Маселен, бүгүнкү күндө Орусияда безип жүргөн үч адам ушундай аракеттердин аркасында кармалып, алар массалык башаламандыкка катышкан жана адам өлтүрүүгө аралашкан делинип айыпталууда. Аларга айыбы угузулуп, Баш прокуратура аркылуу Кыргызстанга алып келүү маселеси дээрлик чечилип калды.

- Баса, ошол сиздер тергеген кылмыш иштеринин канчасы сотко жетти?

- Ош окуясы боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөөсү аяктап, анын ичинен 102си сотко жөнөтүлгөн. Булардын арасынан 72син сот карады. Күнөөкөрлөргө айыптары угузулуп, 73 адам ар жылга соттолду.

- Былтыркы коогалаң убагында милиция кызматкерлеринин жана аскерлердин курал-жарактарын жарандар тартып алган учурлар катталбады беле. Аларды ээлерине кайтаруу жагы кантти экен?

- Ош шаары боюнча жалпысынан 50 курал-жарак, 5888 ок-дары жоголгон. Анын ичинде 35 автомат, 8 тапанча жана 6-7 аңчылык куралдары бар. Ал эми массалык башаламандыктын катышуучулары тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 7 Макаров тапанчасы, 5 автомат тартылып алынган. Булардын арасынан 3 Макаров тапанчасы гана табылып, ээлерине кайтарылды. 4 тапанчанын жана 5 автоматтын дале изи табыла элек. Бирок бул жаатта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп атат.

- Айыпталуучулардын улуттук курамы боюнча айта аласызбы? Анткени, эл аралык бир катар уюмдар өзбек улутундагыларга көбүрөөк айып тагылып, камалып жаткандыгын айтып жатышат...

- Бети ачылган кылмыштар боюнча азырынча 142 адам сот жоопкерчилигине тартылды. Мыйзам алдында баары бирдей эмеспи. Кылмыш жоопкерчилигине тартып жатканда, сот анын улутуна, жынысына, расасына, кызматына жаны жашына карабайт. Эгерде адамдын күнөөсү толук далилденсе, ал сөзсүз жазаланышы абзел. Эми муну дагы саясаттырыштын кажети жок. Өзү мыйзамды бузган адамдын дегеле улуту болбойт!

- Сиздердин эсебиңиздерде калктын былтыркы коогалаңдан тарткан чыгымдары жалпысынан канча сом деп бааланууда?

- Козголгон кылмыш иштериндеги келтирилген зыянды эсептегенибизде, Ош шаары боюнча бир миллиард 447 миллион 87 миң сомду түзүп олтурат. Албетте, өтө чоң сумма. А эсептелбей калганы канча? Тилекке каршы, тарткан чыгымдарды калыбына келтирүү абдан начар. Учурда жанагыл көлөмдүн 2 миллион 274 миң 375 сому гана өндүрүлдү. Бул жоголуп-талкалангандардын бир пайызын гана түзөт. А калганынын өнүшүнө көз жетпейт.

- Рахат мырза, мындан ары ушундай коогалаңдын кайталанбашы үчүн өкмөт биринчи кезекте кандай чараларды көрүүсү зарыл деп эсептээр элеңиз?

- Мына, Ош окуясына бир жылдан ашып баратат. Бул коогалаң элибиз үчүн, дегеле Кыргызстан үчүн орду толгус жоготуу болду. Эми мындай тоз-тополоңдун алдын алуу үчүн, биринчиден, улуттар аралык биримдикти күчөткөн оң. Адегенде байма-бай эл аралап түшүндүрүү өнөктүгүн активдештирүү абзел. Экинчиден, укук коргоо органдары да жамбаштап жатканы туура эмес. Мисалы, биз жергиликтүү укук коргоо органдарына кошулуп тынбай эл аралап атабыз. Алардын арасында түшүндүрүү иштери мурдагыдан дагы кыйла жанданды. Мында бизге жергиликтүү бийлик чоң колдоо көрсөтүүдө. Мындан ары да ушундай аракеттер таптакыр токтобош керек. Үчүнчүдөн, массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы түшүндүрүү жана ынандыруу иштерин күчөтсөк, былтыркыдай коогалаң кайталанбайт деген терең ишеничтемин.

XS
SM
MD
LG