Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Грецияга жардамдын эмки бөлүгү азырынча берилбейт


Бирдиктүү валюта – евро мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери Грецияга жардамдын эмки траншын берип бербөө чечимин кийинкиге калтырышты. Люксембургда өткөн жыйында министрлер Греция парламенти мамлекеттин карамагындагы ири ишканаларды сатуу жана бюджетти үнөмдөө тууралуу мыйзамды кабыл алса, өлкө июлдун ортосуна чейин 12 миллиард евро жардам ала алат деп макулдашышты. Кечээ премьер-министр Георге Папандреу гректерди экономиканын кыйрашын алдын алуу үчүн үнөмдөө долбоорун колдоого чакырды. Планга ылайык, салыктар көтөрүлүп, бюджеттик чыгымдар азайтылат жана менчиктештирүү жараяны жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG