Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Туризм ажаатканадан башталабы?


Кыргызстан быйылкы туристтик сезондон 500 миллион доллар киреше табаарын жарыялады. Бул өлкө ажайып жаратылышы, адам буту тийе элек аска-зоолору жана байыркы эстеликтери менен дүйнө кезген саякатчылардын көзүн кызытат. Ошону менен катар түмөн сан саякатчылар эл аралык стандартка жооп бергидей... ажаатканалардын жоктугунан Кыргызстанга келбей жаткандарын баары эле биле бербесе керек.

АКШ менен Европаны көргөндөр бул жерлерде ажаатканасы үйүнөн да таза экенин айтып беришет. Мындан тышкары тейлөө маданиятынын төмөндүгү да акчалуу туристтердин көңүлүн кайт кылаары жашыруун эмес.

Эмесе, Кыргызстандын саякатчылар аздектеген өлкөгө айланышы үчүн эмне жетпейт, ажаатканадан тарта тейлөөнүн эң бийик сапатын камсыз кылуу үчүн эмне кылуу керек? – деген өңдүү суроолордун тегерегинде ой бөлүшүүгө чакырабыз.
XS
SM
MD
LG