Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлери тарады


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн облустук акимчиликтин алдына миңдей адам чогулуп бийликтен Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди куугунтуктоону токтотууну, былтыркы коогалаңдардын күнөөкөрлөрүн аныктап табууну талап кылып жатышкан.

Ал арада бүгүн Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди суракка алды. Ташиев козголгон кылмыш ишке байланыштуу суроолорго жооп бергенин, эгер дагы чакыра турган болсо бара турганын “Азаттыкка” билдирди. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубат Норузбаев бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ташиев өзүнүн фракциялашы Бахадыр Сулаймановду сабады деп айыпталып жатат. Башкы прокуратура ага “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деп кылмыш ишин козгогон. “Ата-Журттун” лидери бул иштерди саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG