Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

КТРК ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка баяндайт


Эртең, 21-июнда, Коомдук биринчи канал (КТРК) бир жыл ичинде жасаган иштери жана алдыдагы иш-пландары тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган сыналгы каналдын аппарат жетекчиси Мээрим Орозобекова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарага парламенттеги тийиштүү комитеттин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү жана жалпы эле коомчулук чакырылган. Иш-чара саат ондо башталат.

Баяндамадан соң коноктор телеканалдын имаратын, ар кыл студияларын кыдырып, КТРКнын абалы, техникалык базасы жана ишмердиги менен жакындан таанышмакчы. (МТо)

XS
SM
MD
LG