Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Тунистин экс-президенти 35 жылга сыртынан кесилди


Тунистин соту мурдагы президент Зине ал-Абидин Бен Алини жана аялын 35 жылга түрмөгө кести. Жыл башында элдик көтөрүлүштөн улам Сауди Арабияга качкан жубайлар сыртынан соттолушту. Сот аларды 66 миллион доллар айып пул төлөөгө да милдеттендирди. Экөө тең мамлекеттик акчаны уурдоо, коррупция, наркоаткезчилик үчүн айыпталды. Экс-президент дооматтарды четке кагууда. Судьянын айтымында, дагы бир нече айып боюнча процесстин жыйынтыгы 30-июнда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG