Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Ливияда НАТОнун тикучары жоголду


НАТО Ливиянын аба мейкиндигинде учуп жүргөн пилотсуз тикучар менен байланыш болбой жатканын билдирди. Бирок Ливиянын өкмөттүк телеканалынын согуштук тикучар атып түшүрүлдү деген маалыматын калпка чыгарды.

НАТОнун өкүлүнүн билдиришинче, альянстын Непалдагы командалык борбору чалгынчы тикучар менен бүгүн азандан бери байланыша албай жатат. Майк Брекендин айтышынча, НАТО Ливиядагы авиаоперация учурунда бир да согуштук тикучарын жоготкон эмес: “НАТО “Бирдиктүү коргоочу” операциясы мезгилинде бир дагы согуштук тикучарын жоготкон эмес.”

Бүгүн Ливиянын өкмөттүк телеканалы тикучардын сыныктарына окшогон сүрөттөрдү көрсөткөн жана аты аталбаган офицерге шилтеп, НАТОнун “Апачи” тикучары Злитан шаарына жакын жерде атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Злитан ливиялык козголоңчулардын колундагы Мисрата портунан 40 чакырымдай алыстагы шаарча.

XS
SM
MD
LG