Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Президентти шайлоо күнү мыйзамсыз белгиленгени айтылууда


Жогорку Кеңештин профилдик комитети президенттик шайлоону 20-ноябрга белгилөө менен Баш мыйзамды одоно түрдө бузганын “Азаттыкка” коомдук парламенттин төрагасы Райымкул уулу Касымбек билдирди.

“Баш мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, президенттик шайлоо 30-октябрда өткөрүлүшү керектиги көрсөтүлүп турат”, - дейт К.Райымкул уулу.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев мыйзам бузуу орун алганын “Азаттыкка” тактады. Мындай кадамды "БШК жана Президентти шайлоо тууралуу" мыйзам кабыл алына электиги менен түшүндүрдү.

“Биз өткөөл мезгилдеги жобо аныктаган датага койбой, 20 күн кечигип атабыз. Мөөнөтү боюнча бир аз мыйзам бузуу болуп атат. Бирок биз өткөөл мезгилдин жобосунун маңызын сактоодобуз. Ага ылайык, шайлоону толук кандуу, таза, эркин өткөрүү үчүн 4 айдан кем эмес убакыт керек болот”, дейт Ө.Текебаев. (MTo)

XS
SM
MD
LG