Анда былтыр Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылыш жана азырга чейин адам укугун бузган фактылар уланып жатканы, элдештирүү процесси тууралуу пикир алмашуу болот. Бул жолку угуу былтыркы кооганы иликтеген Эл аралык комиссиянын баяндамасына негизделээри айтылды.
Ал корутундуда айтылгандарга ылайык, айрым учурларда жасалган аракеттер, эгерде сотто далилденсе, “адамгерчиликке каршы кылмыш” катары таанылышы мүмкүн. Вашингтондогу жыйында эл аралык комиссия кыргыз бийликтерине жолдогон рекомендациялар да талкууга алынаарын кабарлашты.
Бүгүн түнү өтө турган жыйынга июнь окуяларын иликтеген Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев, “Карнеги” корунун Борбор Азия боюнча эксперти Марта Олкотт, ошондой эле, Жон Хопкинс университетинин окумуштуусу Алишер Хамидов катышмакчы. (TD)