Парижде италиялык белгилүү модельер Жон Галианонун сот процесси өтүп жатат. Прокурор антисемиттик сөздөрү үчүн күнөөлөнүп жаткан дизайнерден 10 миң евро айып пул төлөттүрүүнү сунуш кылды. Галиано февралда Париждеги барлардын биринде жөөт улутундагы адамдарды жаман сөздөр менен тилдеп, Гитлерди жакшы көрөөрүн айткан. Бул чатактан улам Кристиан Диор мода үйү аны иштен кетирген. Дизайнер күнөөсүн мойнуна алды, бирок антисемит эместигин, андай сөздөрдү көп ичип алып айтканын ырастоодо.