Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Депутат Сулеймановдун сабалышы боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды


Камчыбек Ташиев сабады делген депутат Бахадыр Сулеймановдун жактоочулары бүгүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда депутаттын жактоочулары Жумабек Арстанов жана Ирина Синельникова Сулеймановго жалгыз гана Ташиев эмес бир катар депутаттар ыдык көсөткөнүн айтып чыгышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча алардын аты-жөндөрү ачыкталган жок. Бул окуя боюнча Сулеймановдун арызынын негизинде кылмыш иши жалгыз Камчыбек Ташиевге гана козголгону белгилүү.

Депутаттын жактоочулары Бахадыр Сулейманов ошол күнү Ташиевдин кабинетине партия ичиндеги маселелерди талкуулоо үчүн чакырылганын, бирок Ташиев анда Сулеймановдон депутаттык мандаттан баш тартуусун талап кылып, андан соң ага кол көтөргөнүн билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG