Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

Терроризмге каршы кызматташтык боюнча ШКУ конвенциясы ратификацияланды


2009-жылы кол коюлган келишимди бүгүн Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрдү. УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов бул конвенция ириде ШКУ аймагында терроризм жаатында мамлекет аралык кызматташууну арттыруу, ыкчам-тергөө иш-аракеттерин жакшыртуу жана маалымат алмашып, укуктук жактан ич ара колдоо көрсөтүү үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева конвенцияда жикчилдик жана экстремизмге каршы күрөш боюнча маселелер керектүү деңгээлде камтылбай калгандыгын белгиледи. Депутат бул жааттагы күрөшкө багыталган жаңы мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын билдирип, ал парламент талкуусуна күзүндө коюларын белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG